Бүгүн, 7-октябрда, Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги 2026-жылдын 27–30-июлунда өткөн медиафорумду уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөткөн мамлекеттик мекемелерге, өнөктөштөргө жана ыктыярчыларга ыраазычылык каттарын тапшырды.

Бул ири эл аралык форум Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында уюштурулуп, ага 26 өлкөдөн 250дөн ашуун өкүл катышкан.

Ыраазычылык алган мекемелер

Алардын колдоосу форумдун ийгиликтүү өтүшүнүн негизги фактору болду
«Кабар» агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

Агенттиктин директору Медербек Шерметалиев өнөктөштөргө терең ыраазычылыгын билдирип, алардын колдоосу форумдун ийгиликтүү өтүшүнүн негизги фактору болгонун белгиледи. Ал ошондой эле өнөктөштөргө ийгилик каалап, агенттиктин мындан аркы тыгыз жана жемиштүү кызматташууга даяр экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, форумду уюштурууга демөөрчүлүк жана өнөктөштүк колдоо көрсөткөн компанияларга жана ишканаларга ыраазычылык каттары жана эстелик белектер тапшырылды: «Кыргызалтын» ААК, «Кумтор Голд Компани» ЖАК, «MEGA» улуттук байланыш оператору, «Кыргыз Коньягы» жана башкалар.