Международный университет Кыргызской Республики (МУКР) учурда чоң масштабдагы трансформациянын астында. Университет билим берүү, илим жана бизнес жааттарын бириктирип, жаңы өнүгүү этаптарын ишке ашырууда.
Жогорку окуу жай мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизмин колдонуп, инфраструктураны жакшыртуу жана санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү аркылуу инвестиция тартып жатат. Мындай ыкма аркылуу билим берүү тармагында заманбап технологиялар жана шарттар түзүлүүдө.
«Университет 4.0» концепциясы жана инновациялар
МУКР «Университет 4.0» моделин иштеп чыгып, жаңы билим берүү программаларын, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте долбоорлорду түзүп жатат. Бул студенттерге, окумуштууларга жана бизнес өкүлдөрүнө аракеттенүү үчүн ылайыктуу чөйрө түзөт.
Соңку жылдары университеттин окуу программалары жаңыланып, заман талабына жооп берген жаңы дисциплиналар киргизилди. Инфраструктурасындагы өзгөрүүлөр катарында корпус старты оңдолуп, кабинеттер заманбап технологиялар менен жабдылып жатат.
2025-жылы Кыргызстанда биринчи жолу МЖӨ механизми менен уюштурулган инновациялык борбор — U-Nexus Hub иштей баштады. Бул борбор илим жана билим берүү тармактарында жаңы демилгелердин түптөлүшүнө шарт түзөт.
Ошондой эле университет Европа, Америка, Азия, Россия жана КТРК өлкөлөрүнүн университеттери менен двойной диплом берүү программаларын, академиялык мобилдүүлүктү жана башка олуттуу эл аралык кызматташууларды өнүктүрүп жатат.








