Московский районунун Беловодское—Темен-Суу унаа жолунун 5 чакырымдык бөлүгүндө асфальт төшөө иштери аяктады. Жолдун бул бөлүгүнө жаңы асфальт төшөлүп, жол белгилери да сызылды.
Бул тууралуу №28 жол эксплуатациялоо ишканасынын жетекчиси Атай Эгембердиев билдирген. Анын айтымында, көрсөтүлгөн трассага жаңы жол белгилери орнотулуп, аталган жол тилкеси толугу менен жаңыланган.


