Тажикстанда 2026-жылдын алгачкы алты айында коррупциялык иштерден улам 331,4 миллион сомони зыян келтирилген. Бул маалыматты Тажикстандын Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги жарыялады.

Агенттиктин төрагасы Сулаймон Султонзоданын билдирүүсүнө караганда, Тажикстанда коррупция боюнча биринчи орунда жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдары турат. Жалпысынан, мамлекеттик органдарда 561 адам тарабынан жасалган 591 кылмыш катталган.

Коррупция көп катталган мамлекеттик органдар

Коррупциялык кылмыштардын саны боюнча лидерлер

118жергиликтүү аткаруу бийлиги
98билим берүү жана илим чөйрөсү
97саламаттыкты сактоо жана соц. коргоо
79жер ресурстарын башкаруу комитеттери
38ИИМ структуралары
34энергетикалык компаниялар
28Финансы министрлиги
27Коргоо министрлиги