Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда автожолдорду жаңыртуу иштери аяктады. Анын ичинде Ала-Бука — Караван жана Ала-Бука — Касансай жолдорунун кесими боюнча асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөн.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, Ала-Бука — Караван автожолунун 14 километрдик кесими боюнча асфальт төшөө толук аяктаган. Ошондой эле, жол белгилери орнотулуп жатат.

Ала-Бука — Касансай автожолунун 12 километрден ашык кесими боюнча асфальт төшөлгөн. Бул жерде да жолдор боюнча иштердин акыркы этаптары уланып жатат.