Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, 2026-жылдын 28-майындагы № 374 «Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн айрым маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Документтен

Документ мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелерди бөлүштүрүү тартибин өркүндөтүү жана мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды.
Министрлер кабинетинин токтомунан

Өзгөртүүлөрдүн негизин Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер кодексинин 101-беренесинин 2-бөлүгү, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 13 жана 17-беренелери түздү.

Токтом менен 2026-жылдын 28-майындагы № 374 токтомдун 2-пунктунун 8-пунктчасы күчүн жоготту деп табылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев документке 2026-жылдын 27-октябрында кол койгон (№ 723).