Министрлер кабинети 2026-жылдын 28-октябрындагы №730 токтому менен үчүнчү өлкөлөрдөн айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюуну жокко чыгарды. Бул тууралуу Tazabek басылмасы өкмөттүн документине таянып жазып чыкты.
Өкмөттүн маалыматы боюнча, чектөө жеңил бетондон жасалган курулуш блокторуна жана кирпичке, цементке, ташка, белгилүү өлчөмдөгү керамикалык плиткага, жылмаланган айнекке, ошондой эле алюминий жана жез өткөргүчтүү электр кабелдеринин айрым түрлөрүнө тиешелүү болгон.
Тыюу 2026-жылдын 14-сентябрында 6 ай мөөнөткө киргизилген. Аны жокко чыгаруу чечими курулуш материалдарынын айрым түрлөрүнүн рыногун турукташтыруу максатында кабыл алынды.
Тыюуну киргизүү боюнча №614 токтом жана ага кийинки өзгөртүүлөр күчүн жоготту деп табылды. Жаңы чечим расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.














