Милиция кызматкерлерин боди-камералар жана планшеттер менен камсыздоо жарандардын кайрылуусуна тез арада жооп берүүгө шарт түздү. Бул реформанын натыйжасында кызматкерлердин жооп кайтаруу убактысы бирден үчка чейинки сааттан болгону 10 мүнөткө чейин кыскарды.

Ички иштер органдарынын автопаркы 95 пайызга жаңыланды. Учурда өлкө боюнча 10 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулуп, кырсыктардын саны жолдордогу санариптик контролдун аркасында болжол менен 40 пайызга азайган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилген техника

652бирдик техника (2021-2026)
7 млрдсому суммасындагы каражат
116бирдик спецтехника (2026)

Сот системасындагы реформалардын алкагында 64 соттун бардыгында электрондук билдирүү берүү системасы толугу менен ишке кирди. Ошондой эле, азыркы учурда дагы 16 объекттин курулушу жүрүп жатат.

Сотту камсыздоо жана камоолорду модернизациялоо боюнча төмөнкү иштер аткарылды:

  • Каракол шаарында 200 орундуу заманбап №23 тергөө изолятору ишке кирди
  • Түзөтүү мекемелеринде 10 жаңы өндүрүш цехтери жана устаканалар ачылды
  • СИЗОлорду шаарлардын четине чыгаруу планы боюнча Чүй жана Ош облустарында жаңы объекттер курулууда
  • Юстиция чөйрөсүндө «Электрондук нотариат» тиркемеси аркылуу 1,8 млн андан ашык аракет жасалды

Күч түзүмүнүн кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо маселеси да көзөмөлдө. 2026-жылы Бишкек, Манас, Каракол сыяктуу шаарларда аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине 1604 батир бөлүндү.

Эң башкысы — биздин өлкөдө ар дайым тынчтык орносун.
Адылбек Касымалиев