Жогорку Кенештин отурумунда 2025-жылдын республикалык бюджетин аткаруу боюнча отчет, ошондой эле 2026-жылга жана 2027-жылга карата бюджеттик долбоорлор каралды. Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык коргоо жана туризм тармактарындагы негизги жыйынтыктарды токтотуп өттү.
Билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр
Билим берүүдө инфраструктураны жаңылоо жана заманбап технологияларды киргизүүгө басым жасалууда. 2021-2026-жылдар аралыгында мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен 257 бала бакчанын имараттары мамлекетке кайтарылды. Мугалимдердин эмгек акысы 100%га жогорулатылды.
мугалимдердин орточо айлык акысы24798 сом50551 сом +104%
Ошондой эле окуу китептерин чыгарууга бөлүнгөн каражат кескин өскөн. 47 миңден ашык мугалим ноутбуктар менен камсыз болду. Мектептер STEM-лабораториялары жана IT-кванториумдар менен жабдылууда.
Билим берүү боюнча көрсөткүчтөр
Саламаттыкты сактоо жана медицина
Саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн каражат үч эсеге жакын өскөн. 2025-жылы 1,49 млрд сомго 10 медициналык объект курулуп, 2026-жылы дагы 6 объект бүткөрүлдү. Мындан тышкары, онкологиялык оорусу бар балдар үчүн пансионат курулууда.
Медицинада жогорку технологияларды колдонуу боюнча 2025-2026-жылдар аралыгында бөйрөк трансплантациялоо боюнча 51 операция жүргүзүлдү. Дарылоо үчүн 460 млн сомго «Гамма-нож» радиохирургиялык системасы сатып алынууда.
Медициналык каржылоо жана операциялар
Социалдык коргоо жана эмгек акылар
Социалдык коргоо тармагында жашоо деңгээлин жогорулатуу жана кедейчиликти азайтуу максат коюлган. 2026-жылы номиналдык эмгек акы 29,4%га, ал эми реалдуу эмгек акы 16,6%га өскөн. Орточо пенсиянын өлчөмү 11 135 сомдон 12 888 сомго чейин көтөрүлгөн.
Пенсияларды индексациялоо үчүн 4,4 млрд сом каралган. Социалдык кызматтар 1 миллиондон ашык жаранды камтууда.











