Каракол шаарында Ж. Абдрахманов жана Алдашев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду. Бул жерде эки автоунаа бири-бирине кагылышты.

Turmush маалыматынын кабарлашы боюнча, кырсыкка «Mercedes-Benz» жана «Toyota Crown» маркасындагы унаалар катышкан. Жергиликтүү тургундар бул кесилиште жол кырсыктары көп жолу кайталанып турганын белгилешет.