М. Ганди көчөсүндө жаңы суу түтүктөрүн орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул курулуш иштерине байланыштуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы сууну берүүнү убактылуу токтотууну билдирди.

Суунун жоктугу турак жайларга гана эмес, социалдык объекттерге да таасирин тийгизет. Бул жерде мектептер, бала бакчалар жана медициналык мекемелер да бар.

Пландуу же авариялык кырдаалдар тууралуу маалыматты «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу билүүгө болот.