Күйүүчү-майлоочу материалдардын (ГСМ) жеткирилишин субсидиялоо механизмин сактоо өлкөнүн отун менен туруктуу камсыздоосу үчүн эң натыйжалуу ыкма бойдон калууда. Бул тууралуу 24-ноябрда «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында журналисттерге берген маегинде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов айтты.
Анын айтымында, нефтепродукциялардын тартыштыгы күтүлгөн шартта өкмөт тарабынан субсидиялоо чечими кабыл алынган. Шыкмаматовдун пикири боюнча, учурдагы механизм салык мыйзамдарына өзгөртүү киргизбей эле отун жеткирүүчүлөрдү колдоого мүмкүндүк берет.
Мен субсидиялоо жөнүндө чечим туура болду деп эсептейм. Мамлекет жеткирүүчүлөргө кошумча чыгымдарды компенсациялаганда, бул рыноктун бардык катышуучулары үчүн адилеттүү шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Негизги жеткирүүчүлөр комиссиядан өтүп, зарыл болгон документтерди беришет, андан кийин мамлекет алардын кошумча чыгымдарын кайтарып берет.
Ошондой эле салык кызматынын жетекчиси айрым салыктарды алып салуу же кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотуу салык органдары үчүн да, ишкерлер үчүн да кошумча административдик татаалдыктарды жаратышы мүмкүн экенин түшүндүрдү.
Дүйнөлүк нефтепродукция рыногундагы туруксуздук жана жеткирүүдөгү тобокелдиктер учурунда субсидиялоо эң ылайыктуу убактылуу чара болуп саналат.










