Кыргызстандын медициналык мекемелеринде кыргыз тилин колдонуу тартиби күчөтүлөт. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу уюмдардын жетекчилерине мамлекеттик тилди колдонуудагы кемчиликтерди жоюу жана тийиштүү мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу тапшырылды.
Бул тапшырмалар 23-ноябрь күнү өткөн жумушчу кеңешменин жыйынтыгы боюнча берилди. Кеңешмеге Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Мамлекеттик тил жана тилдик саясат боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана медициналык уюмдардын жетекчилери катышты.
Ведомствонын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, жолугушууда саламаттык сактоо мекемелеринде кыргыз тилинин колдонулушун мониторингдөө жыйынтыктары каралган. Өзгөчө бейтаптарды мамлекеттик тилде тейлөө, иш кагаздарын жүргүзүү, сырткы жарнамалык такталарды жана маалыматтык стенддерди тартипке келтирүү, ошондой эле медициналык терминологияны туура колдонуу маселелерине көңүл бурулган.
Ошондой эле, санариптик чөйрөдө кыргыз тилин колдонууну кеңейтүү үчүн багытталган «Айтил – акыл ачкычы» аттуу жасалма интеллекттин улуттук платформасы тааныштырылды.
Кеңешменин жыйынтыгы менен медициналык уюмдардын жетекчилери аныкталган кемчиликтерди жоюуну, тилдик ченемдерди сактоо боюнча иштерди күчөтүүнү жана мекемелердин ишмердүүлүгүндө мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүүнү милдеттендиришти.

















