Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ), сасык тумоо жана коронавирус боюнча мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Ыкчам маалыматтарга ылайык, 16–22-ноябрь аралыгында республика боюнча оорулардын саны 13 386 учурду түздү.

Оорулардын көрсөткүчтөрү

13 386жалпы ооругандар
8 96714 жашка чейинки балдар
182,3калктын 100 миңине учур

Бул көрсөткүч мурунку аптадагы 11 439 учурга салыштырмалуу 17 пайызга жогору. Ошондой эле, 2025-жылдын ушул эле мезгилине караганда оорулардын саны 2,5 пайызга өскөнүн белгилешет.

Эң маанилүү деталдардын бири — ооруган адамдардын ичинде балдардын үлүшү абдан жогору. Ооруганлардын жалпы санынын 67,1 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.