Өкмөт күйүүчү майга берилүүчү мамлекеттик колдоону кеңейтүү чечимин кабыл алды. Бул чечимдин алкагында субсидиялоо тизмесине ЭКО-93 бензини кошулду. Буга чейин колдоо негизинен АИ-92 бензини менен чектелген болчу.
Ошондой эле, мамлекеттик ишканалар үчүн дизель майына өзүнчө баа белгиленди. Мамлекет жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле мамлекеттин үлүшү 50 пайыздан кем эмес уюмдарды күйүүчү май менен камсыздоо үчүн аныкталган жеткирүүчү «Кыргызкөм» ЖАК компаниясына дизель майын литри 92,85 сомдон сатууга милдеттүү болот. Бул баага бардык салыктар жана милдеттүү төлөмдөр кирген.
Антимонополиялык жөнгө салуу кызматына субсидия алуучу компаниялардын эсептөөлөрүн жана документтерин кошумча текшерүү укугу берилди. Эгерде анализдин жыйынтыгында төлөмдөрдүн өлчөмүн өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкса, кызмат мүчөлөрү мекеме аралык жумушчу топко тиешелүү сунуштарды киргизүүгө укуктуу болот.
Буга чейинки маалыматтар боюнча, АИ-92 бензининин иш жүзүндөгү литринин баасы 111–118 сомду түзсө, майканаларда ал 87,9 сомдон сатылып келет. Демек, мамлекет ар бир литр үчүн 23,1 сомдон 30,1 сомго чейин компенсация төлөп жатат.
5 млрд сом 2027-жылы күйүүчү май рыногун колдоого бөлүнгөн каражат
Келечектеги план
Эскерте кетсек, Министрлер Кабинети күйүүчү майды импорттоону субсидиялоо чарасын алгач май айында төрт айга киргизген, андан кийин бул чараны 2026-жылдын аягына чейин узарткан.





