Башында бекитилген бюджетте 2026-жылга 589,0 млн сом субсидия каралган. Каржы министрлиги бул каражатты жеңилдетилген кредиттөө программалары боюнча пайыздык чендерди субсидиялоого, негизинен агрардык секторго багыттамак.

Такталган долбоордо болсо субсидияларга 18,9 млрд сом бөлүү күтүлүүдө. Анын ичинен 11,4 млрд сому күйүүчү-майлоочу майлардын импорттоочуларына берилет. Министрлик белгилегендей, бул ички рынокту турукташтыруу үчүн зарыл.

Субсидиялардын бөлүштүрүлүшү

18,9 млрдсом жалпы сумма
11,4 млрдсом ГСМ импорттоочуларына
4,9 млрдсом Бишкекжылуулук тармагына
290 млнсом Ошжылуулук энергого

«Бишкекжылуулук тармагы» ишканасына 4,9 млрд сом бөлүү каралган. Бул каражат мамлекеттик тарифтик саясаттын алкагында калкка жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо үчүн жылуулук энергиясын өндүрүүдөн жана сатуудан келип чыккан жабылбаган чыгымдарды компенсациялоого багытталат.

Ушундай эле максатта «Ошжылуулук энерго» ишканасына 290 млн сомго жакын каражат бөлүү пландалууда.