Кыргызстандын өкүлү Милана Уланова 17 жашка чейинкилер арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалына чыгууга жетишти.
Мелдеш азыр Азербайжандын Баку шаарында өтүп жатат. Уланова 69 килограммга чейинки салмактык категорияда күч сынап жатат.
Ал баштапкы баскычта, 1/16 финалда болгариялык спортчуну 4:4 эсебинде жеңди. Андан кийин Өзбекстандын спортчусун 10:6 эсебинде утуп алды.
1/4 финалда Монголиядан келген күрөшчүнү 5:4 эсебинде жеңип, жарым финалга өттү.
Жарым финалда Милана Уланова Түркиянын спортчусу менен күч сынашат. Таймаштар кыргыз жергесинин убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.
Кыргызстандык калган төрт спортчу финалга чыккан жок, бирок коло медаль үчүн атаандашты улантууда.















