Азербайжанда 29-июлдан 31-июлга чейин 17 жашка чейинки кыз-келиндер арасында вольная күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат өттү.

Кыргызстандын кыздар вольная күрөш боюнча командасы аталган мелдешке 9 спортчудан турат.

Команда мелдеште медалдык орундарды ээлей алган жок.

Эң мыкты жыйынтыкты Милана Уланова көрсөтүп, 69 кг салмакта 5-орунду ээледи.

Мындан мурда греко-рим күрөш боюнча кыргызстандык спортчулар да дүйнөлүк чемпионаттан медалсыз кайтышкан.