Армия прокуратурасы Кыргызгидромет жана Бишкек шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгында коррупция фактыларын аныктады.
Кыргызгидрометте кызматкерлерге мыйзамсыз түрдө ашыкча эмгек акы төлөп берүү жолу менен 16 млн сом уурдалганы даана чыгып турат.
Бул схемага мекемеден бир нече жогорку кызматтагы адамдар катышкан. Алар жоопко тартылууда.
Ошондой эле Бишкек МЧСинин кызматкерлеринин бирөөсү жана улук инспектору пара алуу боюнча кармалды.
Тергөө версиясына ылайык, алар долбоордук документтерди оң жактуу кароонун ордуна 8 миңден 50 миң сомго чейин пара алган.
Бул эки иш боюнча азырынча тергөөнүн жүрүшү улантылып жатат.



