Министрлер Кабинети тарабынан 2026-жылдын 19-ноябрында №766 токтом кабыл алынды. Аталган документ лабораторияларды жана сертификаттоо органдарын аккредитациялоо тартибин жаңылоого багытталган.

Аккредитациялоо иштерин улуттук аккредитациялоо органы жүргүзөт. Ошондой эле жаңы тартипте «күбөлөндүрүүчү баалоо» жана «аккредитациялоо схемасы» деген түшүнүктөр киргизилди.

Аккредитациядан баш тартуунун жаңы себептери

Эми аккредитация берүүдөн баш тартуунун жаңы негиздердин бири катары өтүнмөчү тараптын өзүнө тиешелүү ресурстарынын жоктугу көрсөтүлөт. Эгерде арыз ээси башка иштеп жаткан аккредитацияланган орган менен бирдей имараттарды, жабдууларды, даректи же сайтты колдонуп жатса жана бул анын өз алдынча иштөө үчүн өзүнчө ресурстары жок экенин далилдесе, аккредитация берилбейт.

Башкаруучуларга коюлган талаптар

Сертификаттоо органдарынын, сыноо лабораторияларынын жана инспекция органдарынын жетекчилери үчүн талаптар такталды. Алар тиешелүү жогорку билимге же атайын даярдыкка, ошондой эле шайкештикке баалоо чөйрөсүндө беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасына же терең билимге ээ болушу шарт.

Мындан тышкары, Экономика жана коммерция министрлиги транспорт каражаттарынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктөрдүн бирдиктүү реестрин түзөт жана жүргүзөт. Ал эми Стандартташтыруу жана метрология борбору транспорттук каражаттардын газ баллондуу системаларын сертификаттоо боюнча ыкмалар боюнча сертификаттоо жүргүзүү укугуна ээ болду.