Каспий деңизиндеги окуу-машыгууларда аскер кызматкерлеринин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин алкагында сегиз кызмат адамы камакка алынды. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы маалымдады.

Ведомствонун маалыматы боюнча, иштин алкагында 300дөн ашык адам суракка алынып, 30дан ашык соттук-экспертизалык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Тергөө жакынкы арада аяктайт деп күтүлүүдө.

Кылмыш иши боюнча көрсөткүчтөр

300+суракка алынган адам
30+соттук-экспертизалык изилдөө
8камакка алынган кызмат адамы

Камакка алынгандардын катарында Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысы, анын биринчи орун басары жана согуштук даярдык боюнча орун басары, эки аскер бөлүгүнүн командирлери, деңиз жөө аскерлеринин батальонунун жана ротасынын командирлери, ошондой эле катердин капитаны бар. Аларга кызматтык мамилеге шалаакылык көрсөтүү жана кеме айдоо эрежелерин бузуу боюнча айып тагылууда.

Бүгүнкү күндө 300дөн ашык адам суракка алынып, 30дан ашык соттук-экспертизалык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Эскерте кетсек, тергөөнүн алкагында кызматтык мамилеге шалаакылык көрсөтүү жана кеме айдоо эрежелерин бузууга шектелип, соттун санкциясы менен сегиз кызмат адамы камакка алынган.
Казакстандын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүнөн

Эске салсак, 24-сентябрда Казакстандын Аскер-деңиз күчтөрүнүн окуу-машыгууларында Актау шаарынан 43 чакырым алыстыкта аскер кызматкерлери «Кайсар» катеринен түшүп жатышкан. Аба ырайынын кескин начарлашынан улам 17 адам деңизге агып кеткен. Алардын үчөө куткарылып, 14ү каза болгон.

Трагедиянын курмандыктары

17деңизге агып кеткен адам
14каза болгондор
3куткарылгандар

Каза болгондордун арасында 12 мөөнөттүү кызматтагы жас матрос, бир сержант жана бир улук лейтенант бар.