Владимир Зеленский 12-июлда Украинадагы өкмөт башчыны алмаштырууну жарыялап, өлкөдөгү саясий стратегияны жаңыртууну мерчемдегенин маалымдады.
Президенттин айтымында, тышкы саясаттын ар бир приоритеттүү багыты боюнча тажрыйбалуу өкүл дайындалып, мамлекеттердин жетекчилери менен жетишилген макулдашууларды ишке ашырат.
- Америка Кошмо Штаттары менен мамилелер, анын ичинде Patriot абадан коргонуу системаларын өндүрүү лицензияларынын алынышы.
- Украинанын Европалык ракета коргонуу долбооруна катышуусу.
- Европа Биримдигине жакындашуусун улантуу жана ЕСке мүчө болуу багыты.
Зеленский Юлия Свириденкого жүргүзгөн иштери үчүн ыраазычылык билдирип, аны негизги өнөктөш өлкөлөрдүн биринде жаңы маанилүү багытты жетектөөнү сунуштаганын айтты. Бирок анын кайсы кызматты ээлээрин ачыктаган жок.
Кошумча, президент укук коргоо органдарынын жетекчилигинде да өзгөрүүлөр болорун белгиледи, бирок толук маалымат берген жок.
Белгилей кетсек, Юлия Свириденко Украина өкмөтүнүн башчысы болуп 2025-жылдын 17-июлунда дайындалган. Анын кызматка дайындалышы Жогорку Рада тарабынан бекитилген. Кызмат жетекчисин расмий алмаштыруу үчүн парламенттин чечими талап кылынат.














