Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, күзгү каникул 5 күндү түзөт. Анын үч күнү окуу күндөрүнө туура келет: шаршемби, бейшемби, жума. Калган эки күнү дем алыш күндөрүнө — ишемби жана жекшембиге туш келет.

Күзгү каникулдун узактыгы

5жалпы күн
3окуу күнү
2дем алыш күнү

Экинчи чейрек өлкөнүн бардык мектептеринде 16-ноябрда, дүйшөмбү күнү башталат.

Министрлик ошондой эле башталгыч класстардын окуучулары үчүн кошумча эс алуу күндөрү каралганын эскертти. 1-класстын окуучуларына каникулдар жалпысынан эки жумага, 2-класстын окуучуларына бир жумага узартылат.