ФАОнун ай сайын жарыяланган баяндамасында айтылгандай, июль айында дүйнөлүк азык-түлүк баасы июнь айына салыштырмалуу 0,6%га, ал эми өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу 1%га жогорулады. Уюмдун маалыматы боюнча, бул көрсөткүч 131,1 пунктту түздү.
“Ысык аба ырайы, энергия булактарынын өсүп жаткан баасы жана уланып жаткан геосаясий кырдаал дан эгиндеринин, өсүмдүк майларынын жана канттын котировкаларын жогорулатты”, - деп белгилешет уюмдан.
Дан эгиндери кымбаттады
Дан эгиндеринин сегментинде баанын эң чоң өсүшү байкалды. Алардын баа индекси 3,4%га жогорулады.
Буудай 5,8%га кымбаттады. ФАО муну Кара деңиз аркылуу экспорттоодогу үзгүлтүктөр боюнча кооптонуулар, ошондой эле негизги өндүрүүчү өлкөлөрдөгү анормалдуу жогорку температуранын түшүмгө тийгизе турган таасири менен байланыштырат.
Жүгөрү баасы 3,6%га өстү. Бул АКШнын айрым аймактарындагы ысык жана кургак аба ырайы, ошондой эле геосаясий кырдаалга байланыштуу энергия булактарынын кымбатташы менен түшүндүрүлөт.
Күрүчтүн баасы жалпысынан дээрлик өзгөргөн жок.
Өсүмдүк майларынын баасы 2022-жылдан берки эң жогорку чекке жетти
Өсүмдүк майларынын баа индекси 2%га жогорулап, 2022-жылдын июнь айынан бери эң жогорку деңгээлге жетти.
Пальма майынын кымбатташы Индонезиянын биодизель секторунан туруктуу суроо-талап жана мунай баасынын өсүшү менен байланыштуу. Соя майынын баасы АКШда биотопливо өндүрүү үчүн чийки затка болгон жогорку суроо-талаптын фонунда жогорулады.













