Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясы 25 аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди кабыл ала баштады.
Вакансиялар Баткен, Кызыл-Кий, Кадамжай, Базар-Коргон, Ноокен, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Нарын шаары, Нарын, Джумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа, Алай, Чоң-Алай, Араван, Кара-Кулжа, Талас шаары, Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас, Кант, Сокулук, Москва жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларында ачылды.
Шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди саясий партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сунуштай алышат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шайлоо комиссияларына Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кенештердин депутаттары, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарынын кызматкерлери, сот, укук коргоо жана каржылык органдардын кызматкерлери, аскер кызматкерлери, талапкерлер жана партия өкүлдөрү, башка мамлекеттин жарандары, соттолгон жарандар жана бир комиссияда никелештер кире алышпайт.
Партиялар талапкерлерин ЦИКке 2026-жылдын 25-августуна чейин жиберишүүсү керек. Ал эми жарандар менен коомдук бирикмелер документтерин тиешелүү жергиликтүү кенештерге ошол эле мөөнөткө чейин тапшырышат. Кенештер өз кезегинде сессия өткөрүп тизмени ЦИКке сунуштайт.










