Музыкалык жана көркөм окуу мектептеринин жетекчилик кызматтарына талапкерлерди тандоо механизми өзгөрдү. Эми адистерди дайындоо тартиби ачык конкурсдук негизде өткөрүлөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, бул жаңы тартип адистердин квалификациясын жогорулатууга жана башкаруудагы адилеттүүлүктү камсыз кылууга багытталган. Бул система менен конкурсдук тандоо мурда жалпы билим берүүчү жана жогорку окуу жайлары үчүн гана колдонулуп келген.
Жаңы тартип талапкерлер үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана башкаруу тажрыйбасы бар адистерди тартууга багытталган.
Кызмат орундары боюнча бош орундар, талапкерлерге коюлган талаптар жана керектүү документтердин тизмеси министрликтин расмий сайтында жарыяланып турат.












