Манас шаарынын Т. Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Гулистан айылында жаңы фельдшердик-акушерлик пункту (ФАП) курулуп, пайдаланууга берилди. Бул долбоор медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган.

Жаңы медициналык имарат алты бөлмөдөн турат. Анда бейтаптарды кабыл алуу жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.

Долбоорду каржылоо

7 294 000Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан (сом)
2 683 000Жергиликтүү бюджеттен (сом)

Turmush булагынын маалыматы боюнча, долбоорду ишке ашыруу үчүн Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан 7 миллион 294 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 683 миң сом каражат бөлүнүп берилген.