Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда атты сабаган эркек кишинин видеосу тарагандан кийин, бул фактыны териштирип жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Видеого ылайык, эркек киши аттын башына бир нече жолу сокку уруп жатканы көрсөтүлгөн. Учурда окуянын жагдайлары жана видеого катышкан адамдардын өздүктөрү такталып жатат.
Коомдук ишмер Алия Шагиева укук коргоо органдарын бул окуяны жөн гана профилактикалык сүйлөшүү менен чектелбей, мыйзам бузуу же кылмыш курамы аныкталган учурда мыйзамда каралган чараларды көрүүгө чакырды.













