23-ноябрда өткөн кезектеги жыйын депутат Камила Талиеванын демилгеси менен уюштурулган. Иш-чара «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү аракеттер» кампаниясынын алкагында өткөрүлдү.

Талкуулоодо эмгек чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу, адамдын кадыр-баркын коргоо жана аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун камсыз кылуу маанилүү маселе катары белгиленди. Депутат Камила Талиева өлкөдө бул багыттагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча маанилүү кадамдар жасалып жатканын айтты.

Кыргызстандын 2024-жылдын 3-июнунда Эл аралык эмгек уюмунун «Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө» №190 Конвенциясын ратификациялаганын мисал келтирди.
Камила Талиева

Иш-чарада «Инсан-Лейлек» коомдук фонду жана Тилектештик борборунун колдоосу менен «CAS Analytics» иликтөөлөр командасы тарабынан жүргүзүлгөн улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары тааныштырылды. Мындан тышкары, гендердик теңчилик боюнча мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маанисине токтолуп, атайын видеоматериалдар көрсөтүлдү.

Жыйын суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар өз сунуштарын билдиришти. Жыйынтыгында айтылган пикирлерди эске алуу менен кийинки иш-аракеттерди аныктоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.