Бишкек шаарындагы Бакаев жана Миңжылкыев көчөлөрүнүн кесилишинде унаалардын жүрүүсү кайрадан калыбына келтирилди. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кесилиш 23-ноябрдан тартып айдоочулардын кызматына ачылды. Бул чечим шаардагы транспорттук каттамдарды жеңилдетүү максатында кабыл алынган.

Мындан тышкары, мэриянын пландары боюнча, Бакаев көчөсүн А. Токомбаев көчөсүнө (Түштүк магистралга) чейин узартуу иштеринин кийинки этабы башталмак. Бул долбоор шаардын жол тармагын өнүктүрүүгө багытталган.