Мамлекеттик салык кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2026-жылдын он айында бюджетке түшкөн салыктардын жалпы суммасы 338 миллиард сомдон ашык болду. Бул көрсөткүч мурунку жылдардагы салыктардын чогугулушу менен салыштырмалуу бир топ жогору.

СторисСалыктардын чогугулушу жана негизги реформаларСлайддар: 6
  1. Салыктардын чогугулушу жана негизги реформалар
  2. Бюджетке түшкөн каражат. 2026-жылдын он айында бюджетке 338 миллиард сомдон ашык салык түштү. Бул көрсөткүч мурунку жылдарга караганда бир топ жогору.
  3. 338 млрд сом — бюджетке түшкөн салыктардын суммасы
  4. Санариптештирүү. Кызмат көрсөтүүлөрдүн дээрлик бардыгы электрондук форматка өткөн. Мындан тышкары, мыйзам бузууларды аныктоо үчүн «Салык Күзөт» тутуму киргизилди.
  5. Ишкерлер үчүн жеңилдиктер: Креативдүү индустрия өкүлдөрү 5 жыл бою бирдиктүү салыктан бошотулган; Айлык кирешеси 15 млн сомго чейин болгон чакан бизнес үчүн жеңилдиктер; Текстиль тармагы үчүн жеңилдиктер киргизилген
  6. Башка өзгөрүүлөр. Алтын-жээр тармагында салыктар төмөндөтүлгөн, ал эми айрым тармактар үчүн салыктан бошотуу шарттары түзүлгөн.

салыктардын чогугулушу105 млрд сом сом308 млрд сом сом +193%

Акыркы беш жыл ичинде салык системасында бир нече маанилүү реформалар жүргүзүлдү. Алардын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү, көзөмөлдөө технологияларын киргизүү жана ишкерлер үчүн жеңилдиктерди кеңейтүү негизги багыттар болуп саналат.

Санариптештирүү жана жаңы технологиялар

Учурда салыктык кызматтардын дээрлик бардык түрлөрү электрондук форматка өткөн. Калкты тейлөө борборлору, Бирдиктүү терезелер жана онлайн-сервистер аркылуу кызмат көрсөтүү ишке ашырылууда.

Мындан тышкары, салык мыйзам бузууларын аныктоо үчүн «Салык Күзөт» тутуму киргизилди. Базарларда жана ири соода борборлорунда салык төлөө процесстери санариптештирилди, бул ашыкча текшерүүлөрдү жана коррупцияны азайтууга шарт түздү.

Ишкерлер үчүн берилген жеңилдиктер

  • айлык кирешеси 15 миллион сомго чейин болгон чакан бизнес өнүктүрүү үчүн салыктан бошотулган
  • айыл чарба жерлери 2030-жылга чейин салыктан бошотулган
  • транспорттук салык жокко чыгарылган
  • креативдүү индустрия өкүлдөрү беш жыл бою бирдиктүү салыктан бошотулган
  • тигиүү жана текстиль тармагы үчүн жеңилдиктер киргизилген
  • алтын-жээр менен иштеген тармакта салыктар төмөндөтүлгөн
  • тамак-аш жана курулуш тармактары үчүн жеңилдетилген шарттар түзүлгөн
  • жеке жактардын жалпы декларациясын берүү талабы жокко чыгарылган

МСК ишкерлер менен ачык диалогду жүргүзүүгө жана алардын көйгөйлөрүн чечүү жолдорун издөөгө басым жасап жатканын белгиледи.