Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана ишкерлерге жеңилдиктерди берүү «Дордой» рыногунун бюджетке төлөмдөрүн бир топ жогорулатууга шарт түздү. Бул тууралуу «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов айтты.
салыктык түшүүлөр400 млн сом950 млн сом +138%
Мурда соодагерлердин салыктык милдеттенмелерин аткаруусун үзгүлтүксүз көзөмөлдөө жана талап кылуу зарыл болчу. Азыркы учурда салык маданиятынын өсүшү менен бирге кирешелердин көбөйүшү байкалууда.
Мурда «Дордой» рыногу болжол менен 400 млн сом төлөгөн. Бүгүн түшүүлөр 900–950 млн сомду түзүүдө. Буга түшүндүрүү иштери, салык маданиятын жогорулатуу жана жеңилдиктерди берүү аркылуу жетиштик.









