Бишкек шаарындагы коомдук транспорттун атайын тилкелерин бузуучу учурларды каттоо үчүн атайын камералар орнотула баштайт. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди.

Алиевдин айтымында, камералар ушул жума ичинде Абдрахманов көчөсү жана Чүй проспектисинде иштеп баштайт. Ал эми кийинки жумада дагы бир же эки тилкеге кошумча орнотулат.

Коомдук транспорттогу адамдар тыгында туруп калбашы керек. Машина — бул ыңгайлуулук, анда тыгында туруп койсо болот. Бирок бир автобуска 60–70 адам сыйса, машинага максимум үч-төрт адам гана сыят. Ошондуктан биз коомдук транспортко артыкчылык беребиз.
Рамиз Алиев
60–70автобустагы адамдардын саны
3–4жеңил унаадагы адамдардын саны