Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик ипотекалык компаниянын иши боюнча маалымат бөлүштү. Анын билдирүүсүнө ылайык, ушул жылдын аягына чейин 14 миңден ашык ипотекалык батир пайдаланууга берилет.

Турак жай курулушунун көрсөткүчтөрү

75 900батир курулуп жатат
23 190үй-бүлө үй-жай менен камсыз болду

Учурда өлкө боюнча жалпысынан 75 миң 900 батир курулуп жаткандыгы белгиленди. Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөндөн тарта ушул жылдын 10-ноябрына чейин 23 миң 190 үй-бүлө жаңы үй-жай менен камсыз болгон.

Жер амнистиясы жана жер маселелери

2025-жылы жер амнистиясынын алкагында 245 миңден ашык арыз кабыл алынган. Бул иштердин натыйжасында 12,6 миң гектар жер калктуу конуштар категориясына өткөрүлдү.

Жер маселелери боюнча маалымат

76 688жаранга кызыл китеп берилди
245 000арыз берилди

Жер участокторуна менчик укугун тастыктаган «кызыл китептерди» 76 миң 688 жаран алган. Ошондой эле, жер маселелерин санариптештирүү жана талаш-тартыштарды алдын алуу максатында жаңы тартип киргизилүүдө.

Кадастрдык планга өтүү

2026-жылдан баштап мурда колдонулган «кызыл китептин» ордуна кадастрдык план берүү тартиби киргизилет. Бул жер участокторуна менчик укугун каттоо процедурасын жөнөкөйлөтүүгө жана маалыматтарды санариптештирүүгө багытталган.