Фестивалдын негизги уюштуруучусу — К.Карасаев атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Акыл Сырдыбаев. Ал өз демилгеси менен шаардык деңгээлдеги спорттук иш-чараны уюштурууга бел байлаган. Окуу менен катар коомдук иштерге кызыгып, курдаштарын спортко жана активдүү жашоого чакырып келет.

Биз спортту сүйгөн жаштарды бириктирүү, алардын чеберчиликтерин көрсөтүүгө шарт түзүү жана Караколдо пайдалуу эс алуу маданиятын өнүктүрүүгө салым кошуу демилгесин көтөрдүк. Борбордук аянтка көптөгөн жаштар келип, активдүү катышты.
Акыл Сырдыбаев, фестивалдын уюштуруучусу

Фестиваль Кусеин Карасаевдин 125 жылдык мааракесине арналды. Ал — көрүнүктүү илимпоз, агартуучу жана лексикограф. Иш-чаранын максаты — жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоо образын жайылтуу жана өспүрүмдөрдүн демилгелерин колдоо.

Спорттук таймашуулар жана катышуучулар

Фестивалдын программасына стритлифтинг, воркаут, мас-рестлинг (таяк тартыш) жана армрестлинг боюнча мелдештер кирди. Катышуучулар турникте тартылуу, кол күрөшү, брусьяда оордук менен көтөрүлүү сыяктуу көнүгүүлөрдө күч, чыдамкайлык жана шамдагайлык көрсөтүштү.

Спорттук сынактарга Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунан жана Каракол шаарынан жаштар катышты. Бул фестиваль жаштардын ортосундагы достукту жана биримдикти бекемдөөгө, ошондой эле сергек жашоо маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Викторина жана билим берүү бөлүгү

Фестивалдын алкагында окуучулар викторина да уюштурушту. Анда Каракол шаары, К.Карасаевдин ишмердүүлүгү жана жазуучу Ч.Айтматов тууралуу суроолор берилип, жооптор айтылды. Бул катышуучуларга спорттук таймашуулар менен катар билим алуу мүмкүнчүлүгүн да берди.

Фестиваль Каракол шаарынын мэриясынын колдоосу астында өттү. Мэриянын маалыматы боюнча, иш-чара жаштардын спортко кызыгуусун арттырууга жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.