Air China аба компаниясы ПекинБишкек — Пекин багыты боюнча жаңы туруктуу авиакаттамдарын баштады. Бул каттамдар аркылуу эки шаар ортосундагы байланыш заманбап учактар менен жөнгө салынат.

Рейстер Airbus A321 үлгүсүндөгү учактар менен жүргүзүлүп, аптасына үч ирет: дүйшөмбү, ишемби жана жекшемби күндөрү учат. Бул Кытай менен Кыргызстан ортосундагы эл аралык аба каттамдарынын санын көбөйтүп, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт.

Ранее по темеЛинь Цзи: Кытай Кыргызстан менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар