«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасы Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу электр берүү линияларын көчүрүү жана энергетикалык инфратүзүмдү кайра куруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.
Долбоордун жүрүшү
Долбоор алгач 0,4төн 500 киловольтке чейинки чыңалуудагы 62 участокту (пикетти) камтыган. Алардын ичинен 0,4–10 киловольттук тармактарга кирген 23 пикетте иштер толугу менен аяктаган, дагы 13 пикетте иштер активдүү темп менен уланууда.
Азыркы учурда темир жолдун курулушуна тоскоол болгон аба электр берүү линияларын көчүрүү 26 пикетте улантылууда. Алардын 10унда иштерди керектөөчүлөр өз күчү менен аткарууда. Калган 16 объект боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалып, иштер конкурстук негизде жүргүзүлүүдө.
Бул иш-чаралар темир жолду белгиленген мөөнөттө курууга шарт түзүүгө, электр тармактарынын коопсуздук талаптарын сактоого, ошондой эле керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыздоого багытталган.





















