Кыргызстандын Улуттук электр тармагы 2026-жылы жалпы узундугу 902 кмден ашык ар кандай чыңалуудагы өзүнчө изоляцияланган өткөргүч (СИП) кабелин орноткону жатат. Бул иш кышкы мезгилге даярдыкты камсыздоо максатында жүргүзүлөт.

Азыркы учурда энергетиктер 406,02 км СИП-кабели орнотушкан. Орнотулган кабелдердин ичинен 153,8 км СИП-2 (0,4 кВ) кабели түзөт.

Бул иш чара Кыргызстандагы электр тармагын чыңдоо менен катар энергетикалык туруктуулукту жогорулатууга багытталган.