Жалал-Абад облусунда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна тоскоол болуп жаткан электр чубалгыларын көчүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.
Курулуш иштеринин үзгүлтүксүз жүрүшү үчүн ишенимдүү электр менен камсыздоо зарыл. Тоннелдерди жана көпүрөлөрдү куруу, атайын техниканын иштеши, ошондой эле өндүрүштүк базалардын жана курулуш объектилеринин ишин камсыздоо — мунун баары туруктуу электр энергиясын талап кылат.
Ишенимдүү электр менен камсыздоо тоннелдерди жана көпүрөлөрдү куруу, атайын техниканын иштеши, ошондой эле өндүрүштүк базалардын жана курулуш объектилеринин иштеши үчүн зарыл.
Долбоордун алкагында
Азыркы учурда «КУЭТ» ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр чубалгылар ишканасы долбоордун алкагында 9 пикетте электр чубалгыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган. Алардын ичинен 8 пикеттеги иштер тендер аркылуу аткарылат. Тендердин жыйынтыгы боюнча жеңүүчү компаниялар аныкталып, тиешелүү келишимдер түзүлгөн жана азыркы учурда практикалык иштер башталды.
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таран-Базар айылында темир жолдун курулушуна тоскоол болуп жаткан 35 кВ «Райондук — Суу алуу-1» жана «Райондук — Суу алуу-2» эки чынжырлуу аба чубалгыларынын №208 таянычтан №223 таянычка чейинки бөлүктөрүн демонтаждоо иштери жүрүүдө.
Мындан тышкары, Көк-Арт жана Сузак райондук электр чубалгыларынын жоопкерчилик аймагында темир жолдун курулушуна тоскоол болуп жаткан 0,4–10 кВ чыңалуудагы аба чубалгылары боюнча иштер башталды.











