Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, БМККК кызматкерлери "kendir too" аттуу Instagram баракчасы аркылуу каннабис өсүмдүгүнүн компоненттерин камтыган продукцияларды жарнамалап, сатуу менен алектенген жарандардын ишмердүүлүгүн токтотушкан.

Аталган жарандар иштеткен "М" дүкөнүн тинтүү учурунда каннабис өсүмдүгүнүн компоненттери камтылган чай, ун, май, спрей жана витаминдүү капсулалар табылып, алынган. Бардык табылган заттар андан ары экспертизага жиберилген.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын 2026-жылдын 6-августундагы корутундусуна ылайык, экспертизага коюлган заттарда каннабистин саман концентраты (марихуана) бар экени аныкталды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №152 токтому менен бекитилген көзөмөлдөгү баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун тизмесине ылайык, каннабистин саман концентраты (марихуана) Кыргызстанда жүгүртүүгө тыюу салынган баңги каражаты болуп саналат.