Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сасык-Булак айылында жайгашкан чакан кирпич заводуна кезексиз текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн максаты — атмосфералык абаны коргоо боюнча талаптардын сакталышын билүү болгон. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

Текшерүү учурунда ишкананын отканаларынын түтүкчөлөрүндө чаңды жана газдарды тазалоочу түзүлүштөр жок экени аныкталды. Бул жагдай абанын булганышына алып келет.

28 000 сом айып пул

Ишканага укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык айып пул салынды.

Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн заводго бир ай мөөнөт берилди. Ошондой эле атайын көрсөтмө берилип, каталарды оңдоо талап кылынды.