Суур ресурстар, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, «Кыргыз Агрохолдинг» ААК айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча үч багытты ишке ашырууда.
Урөнчүлүк жана логистикалык борбор
Нарын облусунун Ат-Башы районунда картошканын уругун сактоо үчүн логистикалык комплекс курулууда. Долбоордун биринчи этабында продукцияны 1,5 миң тонна көлөмүндө сактоого мүмкүнчүлүк түзүлөт, ал эми кийинчерээк кубаттуулукту 3 миң тоннага чейин жеткирүү пландалууда. Бул процесске 10 кооператив жана чарбалар тартылат.
Элиттик картошка урунунун өндүрүшү30 тонна тонна600 тонна тонна +1900%
Өсүмдүк майын кайра иштетүү
Экинчи долбоор «МЭЗ Альфа» ЖЧКсы менен биргеликте ишке ашырылууда. Анын алкагында Россия жана Казакстандын ширеттилбеген өсүмдүк майын жергиликтүү бренд менен кайра иштетүү каралган. Ишкананын айлык кубаттуулугу 1 миң тоннадан 2 миң тоннага чейин өсө алат. Бул багытта 25 туруктуу жумуш орду түзүлөт.
Канаттуулардын чарбасын өнүктүрүү
Үчүнчү долбоор «Адал Азык» («Toyboss» бренди) компаниясы менен биргеликте Чүй облусунда ишке ашырылат. Анын максаты — ата-энелик токумду түзүү жана өлкө ичинде инкубациялык жумуртка өндүрүшүн жолго коюу.
Бул долбоорлор өлкө ичинде айыл чарба продукцияларын өндүрүүнү кеңейтүүгө жана тамак-аш коопсуздугун бекемдөөгө шарт түзөт.












