Жалал-Абад облусунда алма концентратынан шире чыгаруучу жаңы ишкана ишке киргизилди. «Глобал Эко Грин» деп аталган бул завод Ала-Бука районунда курулган. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн болжол менен 11,5 миллион доллар жумшалгандыгы тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Ишкананын кубаттуулугу суткасына 500 тоннага чейин шире чыгарууга эсептелген. Өндүрүш толук күчкө киргенден кийин, бул жерде 100га чейин жаңы жумуш орду түзүлөт.

Ишкананын ачылыш ачык мероприятиясына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Тилек Текебаев катышты. Анын айтымында, түшүм көп болгон жылдары фермерлер алманы сатууда кыйынчылыктарга туш болушат. Өзгөчө, товардык көрүнүшүнө жооп бербеген продукциялар төмөн баага сатылат же такыр сатылбай калат.

Президенттин өкүлчүлүгүндө белгиленгендей, жаңы завод жергиликтүү продукцияны кайра иштетүүгө, түшүмдүн жоголушун азайтууга жана фермерлер үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө мүмкүндүк берет.

Заводдун көрсөткүчтөрү

500тонна (суткасына)
100жумуш орду

Кыргызстанда мөмө берүүчү алма бактарынын жалпы аянты 26 324 гектарды түзөт. Болжол менен, 2026-жылы алма түшүмү 179 393 тоннага жетет.