Сон-Көл көлүнүн акваториясында жайдын башынан бери мыйзамсыз орнотулган синтетикалык балык торлорун аныктоо жана тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул иштердин алкагында көл түбүндө калып калган эски торлор чыгарып алынды.
Сон-Көл балык чарбасы мамлекеттик ишканасынын балыкчысы Ормондун Turmush агенттигине берген маалыматына ылайык, учурда көлдөн 5 миң метрге жеткен тор чыгарылды. Аны «Кочкор Тазалык» муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү каралууда.
Балык чарбасы боюнча адис А.Тайсариевдин айтымында, мурда көлдөн чыгарылган торлор тиешелүү акт түзүлгөндөн кийин күйгүзүлүп келген. Бирок азыркы учурда аларды күйгүзбөй, «Тазалык» ишканасына берүү чечимделиди, анткени күйгүзүү айлана-чөйрөнү булгайт.
Торлорду чыгаруу иштери көл ресурстарын сактоо жана суунун экологиялык абалын жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.
















