Кыргызстандын жаштар курамасынын расмий баракчасында маалымдалгандай, беттеш Дивизион B нын жарым финалында өттү. Кытай курамасы эсепти эрте ачып, биринчи таймда эле ири артыкчылыкка ээ болду. Жыйынтыгында беттеш 1:6 эсебинде Кытайдын пайдасына чечилди.
Кыргызстандын жалгыз голун Амангелди Асанбеков киргизди. Ал оюндун экинчи бөлүгүндө айып соккусунан так көздөй алды.
Мелдештин форматы өзгөчө
Бул дүйнө чемпионатында 2011–2012-жылдары туулган оюнчулардан турган 190 команда катышууда. Матчтар кичирейтилген талааларда 8×8 форматында өтүүдө.
Кыргызстандыктар U тайпасында экинчи орунду ээлеп, өз тайпаларында экинчи болгон командалар менен бирге B дивизионуна түшүшкөн. Атаандаштарынын арасында Кытай да бар болчу.
Кийинки беттеш
Эми кыргыз футболчулары 51-орун үчүн Гватемала менен күч сынашат. Бул команда дагы жарым финалда Түркияга утулуп калган.
Беттештин так датасы жана убактысы азырынча белгилүү эмес. Курама команда бул мелдеште мындан аркы оюндарында ийгиликке жетишүүгө умтулат.















