Америкалык Apple корпорациясы жасалма интеллект функцияларын туура эмес жарнамалаганы жана Siri үн жардамчысынын жаңыртууларын кечиктиргени үчүн кардарлардын жамааттык доо арызын жөнгө салуу алкагында 250 миллион доллар төлөөгө макул болду. Бул тууралуу 9to5mac.com басылмасы билдирген.
Сот угуулардан кийин бул макулдашууну алдын ала жактырды. Доогерлер корпорация WWDC 2024 презентациясында ошол учурда даяр болбогон жасалма интеллект мүмкүнчүлүктөрүн жарнамалап, кардарларды кымбатыраак смартфондорду сатып алууга үндөгөнүн айтышкан.
Макулдашуунун алкагында Apple жетекчиликтин мыйзам бузууларын моюнга албайт, бирок каржылык компенсация үчүн каражат бөлүп берет.
Төлөмдөрдү 2024-жылдын 10-июнунан 2025-жылдын 29-мартына чейин сатылып алынган iPhone 15 Pro, iPhone 15 Pro Max, ошондой эле бардык iPhone 16 сериясынын ээлери талап кыла алышат.
Бир смартфон үчүн базалык төлөм 25 доллардын тегерегинде болот, ал эми арыздардын саны аз болсо, компенсациянын максималдуу өлчөмү 95 долларга жетет.
Арыздарды кабыл алуу тууралуу билдирүүлөрдү Verita Global администратору 2026-жылдын 31-августуна чейин таратат, ал эми сотто төлөмдөрдү акыркы бекитүү 2027-жылдын 29-сентябрына пландаштырылган.





