Кыргыз Республикасынын Суу-моторлук спорт федерациясы Эл аралык суу-моторлук спорт биримдигинин (UIM) толук кандуу мүчөсү болду. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

UIM президенти Рафаэль Кьюлли узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, спортту чогуу өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады.

Full Membership алуу Кыргызстанга эл аралык кызматташуу, дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерди өткөрүү жана улуттук инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат
Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин билдирүүсүнөн

Агенттик белгилегендей, Кыргызстан эл аралык аренада өз ордун бекемдеп, Борбордук Азияда суу-моторлук спорттун лидери болуп баратат. UIM менен Кыргыз федерациясы туруктуу өнүгүүгө, эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга багыт алышкан.

Мамлекеттик агенттикте бул кадам Кыргызстан үчүн гана эмес, бүткүл аймакта суу-моторлук спортту өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин баса белгилешти.