Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы (МСК) жаңыланган электрондук эсеп-фактуралардын системасын иштеп чыгууну улантууда. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-сентябрындагы № 705-т «Электрондук эсеп-фактура 2.0 модулун пилоттук режимде колдонууну киргизүү жөнүндө» токтомунун аткарылышына ылайык жүргүзүлүүдө.

Аталган модуль товарлардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн маалыматтарын системалаштыруу, аталыштарынын бирдиктүү болушун камсыздоо жана электрондук документ жүгүртүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн иштелип чыккан.

Каталогдогу активдүү позициялар (2026-жылдын 1-ноябрында)

4 083 932товарлар
1 183иштер жана кызматтар

Ишкерлер үчүн маанилүү маалымат: экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн субъекттер колдонуп жаткан товарлардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштарын жаңы Каталогдун позициялары менен 2027-жылдын 1-мартына чейин салыштырып чыгышы керек.

Эгерде керектүү позиция каталогдо жок болсо, салык төлөөчүлөр салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу толук жана так маалыматтарды көрсөтүү менен анын тизмеге киргизилүүсү боюнча билдирме жөнөтүшү зарыл. Суроолор жаралган учурда модуль менен иштөө үчүн колдонуучулардын колдонмосунан пайдаланууга болот.