Мамлекеттик салык кызматы боюнча жаңы түзүлгөн Каталогдо 4 миллиондон ашык активдүү позиция катталган. Бул жаңылоо электрондук эсеп-фактуралардын (ЭСФ 2.0) системасын жаңылоо менен байланыштуу жана документтердин жүгүртүлүшүн стандартташтырууга багытталган.

Каталогдогу маалыматтар (2026-жылдын 1-ноябрына карата)

4 083 932товардык позициялар
1 183иштер жана кызматтар

Ишкерлер колдонуп жаткан аталыштарды жаңы каталогдогу позициялар менен 2027-жылдын 1-мартына чейин салыштырып чыгышы зарыл. Эгерде керектүү товар, иш же кызмат көрсөтүү каталогдо жок болсо, салык төлөөчүлөр жеке кабинет аркылуу толук жана так маалыматтарды көрсөтүү менен жаңы позицияны кошуу боюнча билдирме берүүгө тийиш.

  1. 2026-жылдын 16-сентябры

    Министрлер Кабинетинин №705-т токтому менен ЭСФ 2.0 системасын пилоттук режимде киргизүү боюнча чечим кабыл алынган

  2. 2027-жылдын 1-марты

    Аталыштарды жаңы каталог менен салыштырып бүтүү мөөнөтү

Мындан ары Салык кызматы бул каталогду ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды импорттоо учурунда колдонулуучу «Бирдиктүү пост» маалыматтык системасы менен интеграциялоону пландаштырууда. Бул маалыматтарды бир калыпка келтирип, электрондук документтерди жүгүртүүнү жеңилдетет. Жаңы система пилоттук режим аяктагандан кийин толук кандуу иштеп баштаары белгиленген.