Мамлекеттик салык кызматы салык администрлөөнү жеңилдетүү жана ишкерлик үчүн санариптик кызматтарды жакшыртуу багытында иштерин улантууда.
ГУ «Салык Сервис» тараткан маалыматка караганда, 1-сентябрдан тарта жаңы ЭСФ 2.0 модулун пилоттук режимде ишке киргизүү менен подакциздүү товарлардын айлануусу үчүн электрондук товар-ташуу накладнойлорун колдонуу милдети жоюлат. Бул топторго күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ), алкоголь жана тамеки продукциялары кирет.
ЭСФ 2.0 модулу расмий режимде 1-сентябрдан баштап нефть өнүмдөрү жана Европа экономикалык комиссиясы тизмесине кирген буюмдар — муздаткычтар, кир жуугучтар, телевизия байланыш аппаратуралары үчүн иштейт. Тамеки жана алкоголдук продукциялар, ошондой эле көмүр сыяктуу топтор пилоттук режимде гана каралат.







